При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Польшалык турист шайтан арабасын токойго унутуп калып, уурдап кетишти деп арызданган

Turmush -  Түп районуна Польшадан келген турист шайтан арабасын токойго унутуп калып, уурдатканын айтып арызданды.

Ысык-Көл ОИИБдин билдирүүсү боюнча, 36 жаштагы Б.Михаил Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 23-июлда телефон аркылуу байланышкан.

«Б.Михаил досу менен бирге облустун аймагында велотур уюштурган. Алар 22-июлда Түптүн Сары-Тологой айылындагы токойго чатыр тигип, ошол жерге түнөшкөн. Эртең менен шайтан арабасын таппай калган турист аны уурдап кетишти деп ойлоп милицияга кайрылган. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери ошол аймактагы айылдын жашоочуларын суракка алышкан. Шайтан арабаны издөө иштери 25-июлга чейин улантылып, акыры турист өзү дарыянын жээгине унутуп койгон жерден буюмдары менен кошо табылды», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, эс алуучулар шайтан арабасын таппай калган күнү спирт ичимдигин ичип эс алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу