Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баракелде 25.07.2017 10:01 На русском

Фото - Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист каза болду

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист Юрий Курмачев көз жумду. Окуя 23-июлда болгонун «Комсомольская правда» маалымдады.

Маалыматтар боюнча, альпинист 6100 метр бийиктикке чыккан. Азырынча аба ырайына байланыштуу денени 5100 метрге гана алып түшүштү.

Юрий Курмачев — Сибирь федералдык университетинин математика жана фундаменталдык информатика институтунун математика кафедрасынын доценти болчу. Ошондой эле, тажрыйбалуу альпинист, спорттун чебери, 7 миң метрлик чокуларды багынтуучулардын арасында 20-катарда болуп, «ак илбирс» аталган. Ал эми, Ленин чокусунда 8 жолу болуп, бул ирет 9-жолу чыккан.

68 жаштагы альпинисттин артында жубайы жана 2 баласы калды.

Ю.Курмачев

А

Ленин чокусу — Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан чокунун бийиктиги 7134 метрге жетип, Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан кийинки 2-орунда турат. Ал эми, КМШда бийиктиги боюнча 3-орунду ээлейт. Кырка тоонун чоку көтөрүлүп турган аймагы мөңгү менен капталган. Кардын чеги түндүгүндө 4200 метр, түштүгүндө 4500 метр бийикте.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×