Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.07.2017 12:36

С.Жээнбековго ишенем, бирок ага добуш бергиле деп өтүнгөн жокмун, - президент А.Атамбаев

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев КСДП президенттикке талапкер кылып көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго толук ишенет. Сооронбай Шарипович жакшы адам экенине ишенем, бирок ага добуш бергиле деп өтүнгөн жокмун, деди бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда кыргызстандык журналисттер жана эксперттер менен болгон жолугушууда мураскер тууралуу суроого жооп берип жатып.

«С.Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билем. Акаев, Бакиевдин учурунда бийликте жүргөн өзүнүн бир туугандарына каршы чыгып, мени менен бирге жүргөн.

Мураскер деген операция жүрүп жатса бакылдагандардын бир тобу былыктары чыгып калып, башка жакта качып жүрмөк. Бири-бирибизди сыйлайлы, мен ар бирине адамча мамиле кылып жатам. Ачык айтканда талапкерлердин арасында тазасы да бар, мөөр кое турган жерлери да жок талапкерлер бар», - деди А.Атамбаев.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×