Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.07.2017 13:44

Ысык-Көлдөгү университет 173 абитуриентти бюджетке кабыл алат

Turmush -  Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайы быйыл 173 абитуриентти бюджеттик бөлүмгө кабыл алат. Бул тууралуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алайбек Орозобаев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттик орундар 6 багыт боюнча: табигый илимдер, педагогикалык, адистик билим, физика-математика, филология, туризм багыттарында түзүлгөн.

«Кабыл алуу 3 этап менен болот. 1-тур 10-12-июлда, 2-тур 17-19-июль күнү болот. 3-тур 24-26-июль күндөрү өтөт», - деди ал.

Ошондой эле, келишимдик акы менен сырттан окуу бөлүмүнө 193 абитуриент, күндүзгү окууга 985 абитуриент кабыл алынат. Адистик боюнча 980 абитуриент кабыл алынса, 87 орунга магистрлерди кабыл алуу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×