Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.07.2017 13:39 На русском

Тоң районунун акими болуп Т.Ажиев дайындалды (резюме)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун акими болуп Таалайбек Ажиев дайындалды. Ал тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жаңы жетекчини актив менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тааныштырды. Т.Ажиев буга чейин Балыкчы шаардык салык кызматынын башчысы болуп турган.

Резюме:

Ажиев Таалайбек Кулубекович 1969-жылы Тоң районунун Кажы-Сай айылында туулган. 1991-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан бухгалтердик эсеп адистигин алган.

Эмгек жолу:

- 1987-1988-жылдары — савхоздо өндүрүшчү;

- 1987-1991-жылдары — институтта билим алган;

- 1993-1994-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча инспектору;

- 1994-1998-жылдары — Тоң райондук салык кызматынын башчысы;

- 1999-2003-жылдары — Тоң райондук салык кызматында бөлүм башчы;

- 2003-2007-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаардык башкармалыгынын башчысы;

- 2007-2010-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаардык жана Чыгыш аймактык башкармалыгынын башчысы;

- 2010-2012-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында бөлүм башчы;

- 2012-2013-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл райондук башкармалыгынын башчысы;

- 2013-жылдан бери — Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаардык башкармалыгынын башчысы.

Т.Ажиев бир катар сыйлыктардын ээси жана салык кызматынын 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×