Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык жубайлар Ш.Мадиярбеков менен Н.Кутманова сайма сайып, төшөктөрдү тигишет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында жашаган 42 жаштагы Шекербек Мадиярбеков менен 36 жаштагы жубайы Нурай Кутманова кыздары менен бирге сайма сайып, төшөктөрдү жасашат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кол өнөрчү үй-бүлө менен таанышты.

Нурай Кутманованын айтымында, жолдошу экөө 20 жыл мурда баш кошушкан.

«Кол өнөрчүлүктү жаңы келгенде эле кайын энемден үйрөнгөм. Жолдошум оюулардын сүрөтүн тартып түшүрөт. Мурун жолдошум менен оюуларды экөөлөп түшүрчүбүз. Учурда кыздарыбыз дагы үйрөнүп, колубуз узарды. Керектүү жибин шаардан алып келебиз. Буйрутма бергендердин кээ бирлери төшөктүн кездемесин өзү алып келсе, айрымдар биз даярдап койгон таза кыжымга оюу түшүрүлгөн төшөктү 2500 сомго алышат. Учурда шырылган чепкендерге оюу түшүрүп бер деп алып келгендер бар. Майда оюу түшүрүү 150 сомго бааланат.

Үйдө дыйканчылык кылабыз. Бош убакта алектенүүчү кызыктуу жумушубуз ушул сайма сайып, оюу түшүрүү», - деди ал.

Жубайлар 4 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2760
Көп окулду
×