При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Түп райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы болуп К.Кылычбаев дайындалды (фото)

Turmush -  Түп райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы болуп Кылычбаев Кувандык Термеевич дайындалды.

Район акими С.Исмаилов сунуштаган К.Кылычбаевдин талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова тарабынан колдоого алынган.

Кувандык Кылычбаев 1975-жылы Түп районунун Долон айылында туулган. 5 баланын атасы. 1994-1999-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик уиверситетинен экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмүн аяктагандан кийин айыл башчы, райондогу алыскы мектептерде дене тарбия мугалими болуп эмгектенген. 2007-2010-жылдары Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык, экономикалык бөлүмдөрүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2010-жылы сынактын жыйынтыгы боюнча Түп райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келген.

Министрликтин, облустук жана райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал мамлекеттик кызматтын 3-классындагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу