Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Кылым карыткан имарат: Ак-Суу районунда 107 жыл мурун курулган тегирмен иштейт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жергез айылында бир кылым мурун курулган тегирмен бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Айыл тургуну Гүлнара Алдееванын айтымында, тегирменди 1910-жылы Эсирбек уулу Орозбек аттуу инсан курган.

«Октябрь революциясынан кийин колхоздоштуруу маалында тегирмен ээсине 2 өгүз берилип, ал колхозго өткөн. 100 жыл аралыгында тегирмен 5 жолу ондоодон өткөрүлгөн, азыр деле ошол калыбында. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү буудай тарттырып турушат», - дешет жергиликтүү тургундар.

Бир кылымдан ашкан имаратты чет элдик эс алуучулар да көрүп кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×