При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Караколдук Фахудиндердин үй-бүлөсүндө донорлордун саны көбөйдү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Фахудиндердин үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсү тең дайыма муктаждарга кан тапшырып келишет.

Буга чейин үй-бүлө башчысы Виктор гана кан тапшырып келсе, учурда жубайы Евгения, келини Аня, кыздары жана уулдары Игорь менен Сергей да донор болушту.

Виктор Фахидин 57 жашта. Ал 30 ирет кан берип, 2011-жылдан тарта Кыргызстандын ардактуу донору болуп келет. Ал биринчи жолу канды аскерде кызмат өтөп жүргөндө тапшырган.

«Союз маалы. Биз Германияда кызмат өтөчүбүз. Бир күнү советтик жоокерге кан керек болду. Кандын тобу дал келгендиктен эч ойлонбой кан тапшырдым. Ошондо бир адамдын өмүрүн сактап калганыма кубангам. Кийин адамдарга жардам болсун деп кан тапшырып баштадым», - дейт Виктор.

Ал аскерден келгенден кийин айдоочу болуп иштеп, кийин келишимдин негизинде аскер адамы болуп кызмат кылган. Жубайы Евгения менен 1980-жылдары баш кошуп, 4 балалуу болушкан.

«Биздин каныбыз бир адамдын өмүрүн сактоого жардам берсе экен деп гана тилейбиз. Баарыбыз өз каалообуз менен акысыз тапшырабыз. Кан тапшыруучуларды чылым чекпей, ичимдик ичпөөгө чакырам. Биз да сергек жашоо жүргүзөбүз. Учурда жол кырсыктары көп болуп, төрөттөн кийин кан керек болгон энелер көп. Андыктан донор болууга ар бир дени сак адамды чакырам», - дейт ал.

Ошондой эле, кан тапшыргандан кийин өзүн жеңил сезип, жакшы болуп калаарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×