При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ысык-Көлдө акыркы үч айда 2 оор кылмыш, 6 зордуктоо жана 6 уурулук фактысы катталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда акыркы үч айда 2 оор кылмыш, 6 зордуктоо жана 6 уурулук фактысы катталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттерине карабастан облус аймагында айрым кылмыштардын өсүүсү байкалууда.

«2017-жылдын 3 айында 2 өзгөчө оор кылмыш катталган, алардын бири адам өлтүрүү болсо, экинчиси адам өлтүрүүгө аракет жасоо. Ошондой эле, зордуктоо боюнча 6 факты катталган жана ал өткөн жылга салыштырмалуу 3 кылмышка өскөн. Ошондой эле, каракчылык фактысы 4 учурга көбөйгөн. Биринчи кварталда жалпысынан 6 уурулук фактысы катталган», - деп айтылат маалыматта.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 556
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу