При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Видео - Эңгилчекке баруучу жол кар көчкүдөн тазаланды

Turmush -  Ак-Суу районундагы Чоң ашууга түшкөн кар көчкү тазаланып, Эңгилчекке баруучу жол ачылды. Кечээ, 15-июнда ашууга түшкөн кар көчкүдөн улам Эңгилчекке баруучу жол жабылып калган. Каттамды ачуу үчүн тазалоо иштерине №11 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары чыкты.

«Чоң ашууга кечээ эртең менен чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүн экинчи жолу көчкү түштү. Бул жер да кыска убакытта тазаланды», - дешет жол тазалаган кызматкерлер.

Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариел Жаныбековдун айтымында, ашууда бул учурда көчкү түшчү эмес.

«Башка жылдары бул убакта көчкү түштү эмес. Бул ашуу деңиз деңгээлинен 400 метр бийиктикте жайгашкан. Абанын температурасы жылуу болгондуктан тоодо кар жааса эле көчкү түшөт. Кышкысын кар көчкү шагыл, кумду кошо ала түшөт. Айтор, бул жакта тынымсыз тазалоо иштери жүрүп турат», - деди жетекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×