Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда өрткө каршы күрөшүү кызматынын 91 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Ысык-Көл райондук өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 91 жылдык мааракесин белгиледи, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге атайын сыйлыктар тапшырылды. Ысык-Көл райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынын алдында Тамчы, Ананьево, Булан-Сөгөттү пункттары бар жана анда 100гө жакын кызматкерлер эмгектенишет.

Былтыркы жылы район боюнча 120 өрт кырсыгы катталган. Учурда өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча элге түшүндүрүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 670
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×