При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Капысынан таяк тартышка катышкан Э.Карыбеков Кыргызстандын көп жолку чемпиону болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 27 жаштагы тургуну Эрмек Карыбеков таяк тартышка ойдо жок жерден катышып калып, көптөгөн мелдештердин жеӊүүчүсү болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бала кезден тартып спортко аябай кызыктым. Мен спорттун пауэрлифтинг түрү менен 7-класстан бери машыгып келем. Менин спорттогу ийгиликтериме айылдагы эӊ биринчи машыктыруучум Виктор Нетбаев чоң салым кошту. Ал эми, таяк тартышты мурун уккан эмесмин. 2014-жылы Бишкек шаарындагы соода борбордун жанынан өтүп бара жатсам спортчулар таяк тартыш боюнча мелдешке катышып жатышыптыр. Ошол учурда эл аралык мелдешке тандоо жүрүп жатыптыр. Мен дагы кызыгып, мелдешке түшүп, ал жактагы спортчулардын баарын жеӊип алдым. Ал кезде көп спортчулар таяк тартышка анча маани беришчү эмес. Ошентип, эл аралык мелдешке жолдомо алдым. Бирок, такыр ишенген жокмун. Кийин спорттук форма алып, паспортумду даярдап, Якутияга барабыз дегенде гана ишендим. Эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 2 спортчу барып, мен 80 кг салмакта беттешке чыгып, 4-орунду алып келгем. Ошондон кийин таяк тартыш менен да машыга баштадым», - деди спортчу.

Ал таяк тартыш боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештерде алдыңкы орундардын жеӊүүчүсү, дүйнөлүк чемпионаттардын катышуучусу болду.

Эрмек Карыбеков Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында 1990-жылы 20-апрелде төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын эӊ кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 708
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу