Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото - Каракол ШИИБге милициянын көчмө кабылдамасы үчүн унаа тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Каракол ШИИБге милициянын көчмө кабылдамасы үчүн унаа тапшыруу аземи болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Салтанаттуу аземге ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Үсөнова, шаардык мэриянын кызматкерлери, ОИИБдин жетекчиси Октябрь Урманбетов жана милиция кызматкерлери катышты.

Анда ЕККУнун өкүлү унаанын документин Каракол ШИИБдин башчысына тапшырды. Катышуучулар туристтик облустун борборуна бул унаанын берилиши эл менен тыгыз иштөөгө, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө чоң салым кошорун белгилешти.

«Алгач мындай унааны түштүк жергесине бергенбиз. Эми Ысык-Көл облусуна дагы берип жатабыз. Унаа туристтик сезондун алдында берилип жатканына кубанычтабыз. Унаа милиция кызматкерлери үчүн эл менен тыгыз иштеп, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз», - деди ЕККУнун өкүлү П.Халашнюк.

Ал ЕККУ тарабынан Кыргызстанга 20 унаа берилгенин жана ага ай сайын 150 литр күйүүчү май берилип турарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 961
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×