Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө бош жумуш орундардын жармаңкеси өттү (фото)

Turmush -  Түп районунда бош жумуш орундардын жармаңкеси өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү өткөргөн жармаңкеге «Билим» окутуу борбору, №2 кесиптик лицейи катышты.

Анда калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери жумушсуздардын каттоосунда турган жарандарга көрүлгөн камкордуктарга токтолду.

Жыл башынан бери 45 жумушсуз жаран кесиптик окууга жиберилип, анын ичинен 15 жаран сүттү кайра иштетүү курсун аяктап, бүгүнкү жармаңкеге өздөрү жасаган азык-түлүктөрүн алып чыгышкан. «Билим» окутуу борбору менен №2 кесиптик лицей өздөрүнүн айыл жериндеги кесиптеринин артыкчылыгын даңазалашты.

Жармаңкеге Түп райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Эрмекан Дүйшөбаева катышты. Иш-чаранын алкагында сүттү кайра иштетүү боюнча жамааттар нак сүттөн жасалган азык-түлүктөрдү сатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 958
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×