Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Америкалык Джилл 18 жылдан бери орозо кармайт (фото)

Turmush -  Америкалык Джилл Мажерус 18 жылдан бери орозо кармайт. Ал быйыл Кыргызстанга төртүнчү ирет келип жаткандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Быйыл Кыргызстанга төртүнчү ирет келип жатам. Өлкөдө болгон ар кандай туристтик жармаңкелерге катышам. Ал эми орозону 1999-жылдан бери кармайм. Досторумдун көбү мусулмандар. Орозонун ден соолукка пайдалуу экенин билип, жыл сайын кармап баштадым. Дайыма интернет булактарынан орозо календарын сатып алам. Кайсыл өлкөдө болсом дагы орозо кармоону улантып келем», - дейт ал.

Джилл буга чейин мусулман дининдеги 30 күндүк орозо тутуунун эрежелерин үйрөнгөнүн, ал тургай даарат алууну да өздөштүргөнүн белгиледи. Ал учурда туристтик компанияда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3000
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×