Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Видео, фото – Караколдо мончо менен цех өрттөнүп жатат

Turmush -  Каракол шаарындагы Жакыпов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мончо менен цех өрттөнүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 14:32де келип түшкөн.

«Өрт катуу болгондуктан экинчи топ жөнөп кетти. Шамалдан улам өрт катуулагандыктан жакынкы райондогу өрт өчүрүү бөлүмдөрүн чакырдык. Учурда 4 бөлүк иштеп жатат. Цехте тактайлар жыш болгондуктан, өрттү өчүрүү кыйын болууда», - деп билдиришти аталган кызматтан.

Учурда өрт турак үйгө жайылып баштады.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2707
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:21,   16.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×