Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн алыскы Каркыра айылындагы окуучулар эски мончонун имаратында билим алышат

Turmush -  Түп районундагы алыскы Каркыра айылында мектептин имараты жок. Айылдагы окуучулар эски мончодо билим алууну улантып жатат, деп билдирди айылдын тургундары.

Маалыматка караганда, Каркыра айылында 22 үй-бүлө жашайт. Алар негизинен мал чарба менен алектенишет. Айылдагы эски мончонун имаратына 4-класска чейинки билим берүүчү мектеп уюштурулган. Анда 15 бала окуйт. Өткөн жылы 9 бала билим алган.

«Кышкысын имаратты меш жагып жылытышат. Анда эч кандай шарт жок болгондуктан билим берүүнүн сапаты жакшы деп айтуу кыйын. Коңшу Санташ айылындагы мектепке каттап окуу окуучулар үчүн кышкысын кыйынчылык жаратат. Бул өрөөндө кыш узак, кар калыӊ болот. Айыл тургундары бийлик өкүлдөрүнөн айылга жаӊы мектеп, төрөт бөлүмүн курууга көмөктөшүүнү өтүнгөнү менен жыйынтык чыкпай келет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 722
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×