При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Суунун Ак-Чий айылынын борбордук көчөсүнө видеокамера орнотулду

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылынын борбордук көчөсүнө видеокөзөмөл жүргүзүүчү камералар орнотулду. Бул тууралуу Ак-Чий айыл аймагынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, айыл аймакта кылмыштуулукту алдын алуу боюнча коомдук борбор үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул максатта Ак-Чий айылынын борбордук көчөсүнө 98 миӊ сомго видеокамера орнотулду.

«Мындан улам борбордук көчөдө ар кандай тартип бузуу фактылары азаюуда. Айылда мал уурулуктун алдын алууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×