При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Суунун Ак-Чий айылындагы 108 жакыр үй-бүлөгө 1 млн сомго сапаттуу үрөн таратылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылындагы 108 жакыр үй-бүлөгө 1 миллион сомго сапаттуу үрөн таратылды. Бул тууралуу Ак-Чий айыл аймагынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, бул үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында айыл өкмөт тарабынан долбоорлор менен иштөө колго алынып, анын алкагында ар кандай семинар, окутуулар өткөрүлүп, кошумча тизме иштелип чыккан. Жергиликтүү бюджеттен 74 миӊ 500 сом каражат бөлүнүп, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө жана башка майрамдарда белектер тартууланып турат.

Ошондой эле, 2017-жылдагы жазгы айдап-себүү мезгилинде «Үрөнчүлүк фондусу» долбоору аркылуу жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 1 миллион сомдук сапаттуу үрөндөр таратылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 439
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу