При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Жети-Өгүздө жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу иштери башталды

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жер адиси Урмат Төлөков билдирди.

Анын айтымында, кара куурайларды кол менен чаап, техниканын жардамы менен химиялык дары-дармектер чачылып, жок кылуу иштери жүрүүдө.

«Аталган айыл аймакта жалпы 2279 гектар жер бар. Анын 270 гектары айыл өкмөт жана тийиштүү адистер тарабынан изилденип, натыйжада 6 гектар жерде кара куурай бар экендиги аныкталган. Аларды жоготуу максатында атайын бригадалар уюштурулуп, кендирди чабуу жана уулуу зат чачуу иштери жүрүүдө. Ага айыл өкмөт тарабынан 30 миң сом бөлүнгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 535
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу