Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Теплоключенка айылында Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Калинин жана Дзержинский көчөлөрүндө Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Айыл өкмөт башчы Талант Көбөнбаевдин айтымында, жээкти бекемдөө иштерине ӨКМ тарабынан атайын оор инженердик техникалар тартылган.

«Акыркы 2-3 жылдан бери суу жээкти жеп кетет. Учурда Калинин көчөсүндө 115 метр жерге жана Дзержинский көчөлөрүндө 98 метр дамба салынды. Турак үйлөрдү суу каптап кетүү коркунучу четтетилүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 501
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×