Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда денеси жолдун боюнан табылган 21 жаштагы жигит аскерден келип, үйлөнгөнүнө 5 ай гана болгон

Turmush -  Ак-Суу районунда жолдун жээгинен денеси табылган 21 жаштагы А.Темирлан кечээ, 12-июнда акыркы сапарга узатылды.

Анын айылдаштарынын айтымында, ал мектепти аяктап, аскердик кызмат өтөөгө кеткен. Аскерден келгенден кийин үй тиричилиги менен алектенип, классташына баш кошконуна 5 ай гана болгон. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси болчу.

Буга чейин ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, өлүмдүн себебин билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, маркумдун жанынан сайсыз мылтык табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 988
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×