При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Ысык-Көлдө 80 жаштагы пенсионер изделип жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 1937-жылы туулган тургуну Трубин Геннадий Степанович изделип жатат.

Пенсионердин кызы Лариса Трубинованын айтымында, кечээ, 12-июнда атасы менен бирге облустук ооруканага текшерүүдөн өтүү үчүн барышкан. «Атамдын кам басымы төмөндөп кеткендиктен айылдан облустук ооруканага барганбыз. Ал жактан текшерүүдөн өтүп, укол алган. Оорукананын имаратынан чыккандан кийин белгисиз тарапка кетип калыптыр. Анын жанында акчасы жана документтери да жок болчу. Ал эми уюлдук телефону өчүп калган. Атамды табууга жардам сурайм», - деди Л.Трубинова.

Пенсионер
Пенсионер башына боз шляпа, күңүр өндөгү шым, бутуна күрөң бут кийим кийип, кара көз айнек тагынып жүргөн. Анын бою 167 см чамалуу.

Л.Трубинова менен (0709) 591483 же (0708) 835484 номурлары аркылуу байланышууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1104
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу