При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жети-Өгүздүн Тамга айылында дзюдо боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылында Жанек баатырдын кубогуна арналган дзюдо боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу эл аралык класстагы машыктыруучу Елена Исакова маалымдады.

Анын айтымында, турнирге Россия, Казакстан, Чечен Республикасы жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген 400гө жакын спортчу катышты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду Россия, 2-орунду Каракол шаарынын, 3-орунду Чечен Республикасынын спортчулары ээлешти.

Ал эми Каракол шаарынан катышкан Юнусов Бахридин 22 кг салмакта, Увайдулаев Ахрор 24 кг салмакта, Арзыгулов Кутман 35 кг салмакта, Аматов Маруф 55 кг салмакта беттешип, чемпион болушту. Ошондой эле, караколдук Мирзабаев Алияр 35 кг салмакта мелдешип, күмүш медаль алса, Михайленко Павел 22 кг салмакта, Медведев Кирил 35 кг салмакта беттешип, коло медаль жеӊип алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 325
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:55,   24.06.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×