При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

«Эгиздер»: Эгизинен 15 мүнөткө эрте төрөлгөн Канатты жакындары тай жагына окшоштурушат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын 27 жаштагы тургундары Канат менен Кубат Иманакунов беш бир туугандын ортончулары. Алар 1990-жылы 8-июнда жарык дүйнөгө келишкен. Turmush басылмасынын кабарчысы эгиздердин түгөйү Канат Иманакунов менен таанышты.

«Кубат экөөбүздүн келбетибиз көп окшош эмес. Экөөбүз мектепте окуп жүргөндө 5-класска чейин окшош кийинип жүрчүбүз. Андан кийин өзүбүзгө жаккан кийимдерди кийип баштадык. Ал көбүнчө спорттук стилдеги кийимдерди кийсе, мен классикага жакынмын.

Апамдын айтуусу боюнча, мен Кубаттан биринчи төрөлүп, андан 15 мүнөткө улуумун. Кээде мени тамашалап байке деп калат. Анын бою менден бир аз кичине. Кээде таарынышып кетсек, тез эле ачуубуз тарап кайра сүйлөшүп калабыз», - деди ал.

Жакындары Канатты таятасына, Кубатты өзүнүн атасына окшоштурушат. Канат Нарындын кызы Акгүлгө баш кошуп, Элхан аттуу уулдуу болушкан. Ал эми Кубат быйыл бойдокчулук менен коштошуп, үй-бүлө курууга даярданып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×