Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү №85 кесиптик лицейди бүтүргөн ашпозчу-кондитерлер сынактан өтүштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынак тапшырып жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, ашпозчу-кондитер кесибин тандаган ондогон улан-кыздар диплом алары менен жумуш орду менен камсыз болушат. Алар эс алуучу жайлар, ресторан, кафелер менен алдын ала келишим түзүп, тажрыйба топтошкон.

Улан-кыздар үч жыл билим алып, иш жүзүндө тамак-аштардын түрүн даярдоону өздөштүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1106
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×