При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Жети-Өгүздүн Мундуз айылында күпкө ишке берилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Мундуз айылында күпкө ишке берилди. Бул тууралуу Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Баяманов билдирди.

Анын айтымында, курулуш иши өткөн жылы башталган. Айыл аймактагы Мундуз, Тилекмат, Аң-Өстөн жана Ак-Дөбө айылдарынын тургундары жалпы 100 миң сомдон ашык каражат топтошкон.

«Долбоор жазылып, айыл элинин өздүк салымынын негизинде Тилекмат жана Мундуз айылдарына күпкөлөр курулган. Учурда айыл тургундары малын жайлоого алып чыгуунун алдында бул күпкөнүн кызматын пайдаланып жатат», - деди Т.Баяманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу