Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Жети-Өгүздөгү эң үлгүлүү Барскоон айыл өкмөтүнөн мамкызматкерлер тажрыйба алышты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда үлгүлүү деп табылган Барскоон айыл өкмөтүнөн мамлекеттик кызматкерлер тажрыйба алышты. Айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу үчүн Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы мамлекеттик кызматкерлер келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында айыл аймак башчысы Р.Эшманбетов 2017-жылдын 6 ай аралыгында 32 укук-ченемдик акты, 2 протоколдук тапшырма, 3 иш план жана 77 ар кандай каттар менен иш жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Семинардын катышуучулары Барскоон айыл өкмөтү 2016-жылы республикадагы «Эң мыкты айыл өкмөт» сынагында 2-орунга ээ болгонуна баа берип, ар тараптуу маалыматтар айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2187
Көп окулду
×