При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Элдик уламыш: Маргун айылында ажыдаардын шамалы согуп турат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айылынын аталышы жыландар жок кылган эл деген маанини түшүндүрөт. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Айыл тургуну Уркуя Асанованын айтымында, Маргун айылында азыр да ажыдаардын шамалы согуп турат деген түшүнүк бар. Маргун деген сөз тажик тилинен алынган. «Мар» - жылан, «гун» - жок болуу дегенди түшүндүрөт. Айылдын зоолорундагы үңкүрлөрдө таажы кийген ажыдаар баштаган чоң жыландардын үйүрү болгону айтылат.

«Адамдардын зоо тарапка жайылып кеткен малын ажыдаарлар ышкырып, шамал менен келип жеп салат. Малы кырылган элге жыландар да кол сала баштаптыр. Эл чогулуп жыйын өткөрүп, бул өрөөндөн Сыр-Дарыянын боюна көчүп кетишет. Азыр да ышкырып шамал урса ажыдаардын шамалы деп коюшат. Ошондон улам «мар» - жылан, «гун» - жок болуу дегенди түшүндүрүп, жыландар жок кылган эл деген маанини берет. Көп жылдар өтүп, жыландар жок болгондон кийин бул аймакка Нарын тараптан эл чогулуп келип жашап калган», - деди Уркуя Асанова.

Маргун айылынын эли негизинен мал чарбачылык менен эмгектенет. Айылда уз-чеберчилик да жакшы өнүгүп, шырдак жасап, килем токугандар көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.08.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу