При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Жети-Өгүздө аз камсыз үй-бүлөнүн кызы А.Атамбаевге кат жолдоп, белекке сыналгы алды

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак айылында аз камсыз болгон үй-бүлөдө тарбияланган 5-класстын окуучусу Кундузай Акиликова президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп, белекке сыналгы алды.

К.Акиликова 25-майда жолдогон катында ал көп бир тууган экенин жана алардын санариптик берүүлөргө өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин айтып, өлкө башчыдан жардам сураган.

Кундузайдын апасы Нургүл Дөкөнбаеванын айтымында, жолдошу экөө тең иштебейт. Алардын 8 баласы бар, анын төртөө эгиздер. Кичүү кызынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу арабада отурат жана ал убактысынын көпчүлүгүн үйдө сыналгы көрүү менен өткөрөт. Жакында эле аналогдук телеберүүлөр өчүрүлгөнүнө байланыштуу  алар сыналгы көрө албай калышкан. Ал эми санариптик телеберүүгө өтүүгө алардын мүмкүнчүлүктөрү жок.

Кундузай мындан улам өлкө башчыга кат жолдоп, жардам сураган. Келечекте дарыгер болууну каалаган Кундузай кыялы орундалганын айтып, президентке ыраазычылыгын билдирди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Baks_ts
13:28, 05 июня 2017
Кыялдар орундалат деген ушул. Секелек кыздын тилегин орундатып кубанычка бологон ажого алкыш!
Нет аватара
Samantam
13:20, 05 июня 2017
Жетим менен кембагалдын башын сылаган эки дуйно кайгы корбойт. Орозо кунундо жакшы иш болуптур.
Нет аватара
coolmoon
13:18, 05 июня 2017
Ушул кичинекей кыздын каалоосун аткарган Ажобузга ырахмат!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×