Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Көлдүк мүнүшкөр К.Калкабаев салттуу маданиятты улантып, бүркүт таптайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургуну Кылычбек Калкабаев мүнүшкөрлүк өнөр менен бала кезден бери эле алектенип жүрөт. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

IMG-20170603-WA0000
Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен тартып куш салса, 1996-жылдардан бери бүркүт таптаганга өткөн.

«Биздин ата-бабаларыбыз илгертеден бери күлүк таптап, куш салып, тайган агытып келген. Менин чоң атам дагы мүнүшкөрлүккө кызыкчу экен. Өз атам күлүк таптап, ат чапчу. Менимче, биз ата-бабабыздан калган өнөрдү таптакыр унутта калтырбашыбыз керек. Болбосо, кыргыз деген атыбыз өчөт», - деди ал.

К.Калкабаевдин пикиринде, бүркүт таптагандар өзүнүн жөндөмүнө жараша методдорду колдонот.

«Кээ бири кушту кармап алып, эч нерсе кылбай жүрө берет. А чынында, бүркүт таптоого көп аракет жасаш керек. Аны көбүрөөк колго алып, сылап-сыйпап, баланы эркелеткендей эле эркелетип, өз убагы менен тамак берип, сүйлөшүп турушуң керек. Мына ушинтип багуу менен бүркүттү бир айдын ичинде үйрөтүп алууга болот. Жыл айланып деле бүркүт сала албай жүргөндөр бар. Мен таптаган бүркүттөр менен карышкырга жолуга албай койдук. Буга чейин түлкү алдырып жүрөм. Салбурундарда карышкыр алдырып, биринчи орунга чыгып жүрөбүз», - деди ал.

Анын айтымында, бүркүттөрдүн мүнөзү ар түрдүү болот. Айрым бүркүттөр ак көңүл келсе, кээ бири кара мүртөз болушат. Оңой менен адамга баш ийбей, алган табылгасын канаты менен жаап, көргөзбөгөнгө аракет жасагандар да бар.

«Менин байбичем деле алгач бүркүт багууга каршы болуп жүргөн (күлүп). “Эттин баарын жеп салды” деп калар эле. Алгач урушуп да жүрдүк. Муздаткычтан эт уурдаган күндөр да болгон. Кийин көнүп алгандан кийин “өлүп калбасын, эт бербейсиңби” деп калды. Бүркүт эки күндө бир 300-500 грамм эт жейт. Семиз койдун эти күчтүү болгондуктан, өлчөп берилет. Аны таптап, жакшы кармасаң, өз тамагын өзү эле табат», - деди мүнүшкөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1175
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×