Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда майып балдар үчүн кече өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык Э.Думанаев атындагы маданият үйүнүн жана китепкананын кызматкерлери Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кече уюштурушту.

Салтанатка шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев, шаардык кеңештин жооптуу катчысы О.Рахманов жана депутаттар катышып, балдарга белектерин беришти.

Иш-чаранын алкагында, маданият кызматкерлери театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты. Ал эми комузчулар күүлөрдү чертип беришсе, китепкананын кызматкерлеринин атынан «Баластан» куурчак театры балдарга кызыктуу жомок коюп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×