При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Балыкчыдагы кум жээктерден май айында 5 миӊ куб метрден ашык таштанды чыгарылды

Turmush -  Балыкчы шаарындагы кум жээктерден май айында 5 миӊ куб метрден ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарында туристтик жана эс алуу сезонуна карата кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Ушул максатта май айында пляждарга кум төгүлүп, санитардык талаптарга ылайык оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Отургучтар жана коомдук тамактануучу жайлар иретке келтирилди.

«Шаардын тургундары менен бирге май айында 5 миӊ куб метрден ашык таштандылар көл жээгинен чыгарылды. Ошондой эле, «Сейил» эс алуу жайына 23 тонна, «Толкун» эс алуу жайына 420 тонна болуп, жалпы 1600 тонна кум төгүлдү», - деп билдиришти аталган ишканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу