Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Бишкектен Балыкчыга чейин жол кире 70 сом

Turmush -  Балыкчы шаарынан Бишкекке чейин 70 сом жол кире менен жетип алууга болот. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Балыкчы темир жолу аркылуу эс алуучуларды ташып жеткирүү жыл сайын жакшырууда. Жайкы сезон мезгилинде 15-июндан 31-августка чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү темир жол аркылуу 3-5 вагон каттайт.

Шаар ичиндеги таксинин кызмат көрсөтүү баасы 40 сом болсо, «Рыбачье-1» темир жол станциясынан күн сайын поезд менен 70 сом жол кире төлөп, борборго жетип алууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 791
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×