При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Тракторчу болуп деле буттан турса болот, - 19 жаштагы ысык-көлдүк Азамат (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы тургуну Азамат Эшимов бала кезиндеги кыялын орундатууда.

А.Эшимов кичинекей кезинен тарта тракторчу болууну кыялданчу. Мектепти аяктаган соң өзүнүн сүйүктүү кесибине ээ болуу максатында Ананьево айылындагы кесиптик лицейге тапшырып, быйыл 2-курсту аяктады.

«Мен кичинекей кезимден эле трактор айдоого кызыгып жүрчүмүн. Мектепти аяктаган соң классташтарымдын бардыгы жогорку окуу жайларга тапшырышты. Мен болсо кесиптик лицейде окууну тандадым. Учурда өзүм жактырган кесип боюнча билим алып, мугалимдерден техниканын сырларын толук үйрөнүп жатам. Бир жылдан соң окуумду аятап, тракторчу болом. Келечекте өзүмө жеке трактор сатып алып, фермерлик менен алектенейин деген оюм бар. Бул кесиптин аркасы менен деле буттан турса болот. Мен өз турмушумду жөндөп алам деп ишенем», - деди ал.

Учурда Азамат кесиптик лицейдин жатаканасында жашап, билимин улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1717
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу