Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Төрт-Күл айылындагы 93 жаштагы жалгыз ардагер туугандарынан үлүш жерин бошотуп берүүнү суранат (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Төрт-Күл айылында жашаган 93 жаштагы ардагер Саткын Кыдырмаев бир тууганынын балдары анын үлүш жеринде жашап жатканына нааразы. Ардагердин айтымында, анын Бел участкасынан бердикожо уруусуна деп бөлүнгөн кашардагы үлүш жерин 1996-жылдан бери пайдалана элек.

«Бир тууганым Койчубай Мамбетакунов убактылуу мал багып, кайтарып турайын дегенинен кашарды ага бергем. Арадан жылдар өтүп, Койчубай каза болгондон кийин уулдары кашар атасына менчикке өткөнүн, үлүш жер аларга мураска берилгенин айтышты», - деди ардагер.

Аталган айылдагы жалгыз ардагер бул маселе боюнча өлкө башчысына кайрыла турганын кошумчалады.

Ал эми, азыркы тапта кашарда жашап жаткан Марлен Мамбеткуновдун айтымында, ал жерде 1996-жылдан бери атасы Койчубай Мамбетакунов жашап келген. Ал кашарды балдарына мурас кылып калтырган. Анын агасы Темирбек Мамбетакунов нааразы болгон ардагерге үлүш жери кайтарыла турганын билдирди.

«Мындай маселе жаралбай эле койсо болмок. Туугандар арасында мактангыдай иш болгон жок. Биз дүнүйө талашпайбыз, биз тууганбыз. Улуттук каада-салттагы жазылбаган мыйзамдарыбызга баш ийип, ардагердин үлүшүн беребиз», - деди Т.Мамбетакунов.

Учурда бул маселени карап жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын райондогу бөлүмүнүн адистери тергөө иштерине байланыштуу маалымат берген жок.

К.Мамбетакунов кашарга кирген жылдары мындай маселелерди Тоң райондук жер жана агрардык реформа бөлүмү чечип келген. Аталган бөлүмдүн учурдагы жетекчиси Окен Төлөгөнов да бул чырга пикирин билдирди.

«Бул тууган арасындагы пикир келишпестик. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин сыйлап, үлүшүн берүү керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1743
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×