Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жыргалаң өрөөнүнө чакан үй курган Ж.Бекбоева европалык туристтерди кабыл алууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жыргалаң өрөөнүнүн тургуну Жаңыл Бекбоева чакан конок үйүн куруп, Европадан келген туристтерди кабыл алууда.

5 баланын энеси Ж.Бекбоева туристтерди 2 жыл мурун кабыл алып баштагандыгын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мен азыр 51 жаштамын. Өзүм Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында туулгам. Техникумда билим алып, товар, соода боюнча адис болгом. Окууну аяктагандан кийин жолдошум менен таанышып, 30 жылдан бери бирге жашап келе жатам. Буга чейин жолдошумдун айылы Ак-Суу районунун Маман айылында жашачубуз. Бирок, жолдошумду Жыргалаңга аймактык милиция кызматкери кылып которушкандыктан, көчүп келип жашап калдык», - дейт Ж.Бекбоева.

Ал белгилегендей, жолдошу экөө бир нече жолу Жыргалаң өрөөнүнөн өздөрүнүн айылына көчүп кетүүнү каалашкан. Себеби, ал жактагы климаттык шарттар абдан оор, кыш мезгили 7 ай уланат, жумуш жок жана айыл чарба багытындагы аянттар жокко эсе.

«Жолдошум аймактык милиция кызматкери болуп иштеп, пенсияга чыкты. Биз бул жерге көчүп келгенибизге 20 жыл болду. Акыркы 2 жылдан бери биз туристтерди кабыл алуу үчүн үйүбүздү кеңейтип баштадык. Бизге «Жыргалаң өрөөнүнүн дестинациясы» коомдук бирикмеси материалдык колдоо көрсөттү», - деди Ж.Бекбоева.

Кышында алар Европадан келген туристтерди кабыл алышкан. Эми ал өзүнүн үйүнө кымыз менен дарылануу үчүн келгендерди кабыл алууга даярданууда.

«Учурда 8 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Ар бир бөлмөдө жуунучу жай бар. Кошумча дагы эки бөлмө даярдап жатабыз. Оңдоо иштеринен кийин бул жерге бир убакта 15 адамды кабыл алууга болот. Азыр кымыз менен дарыланууну каалагандар ордундарды эртелеп алып коюшту», - деди ал.

Анын эң кичүү балдары — эгиздер Азиза менен Азирет быйыл 4-классты аякташты. Эң улуу баласынын аты Эрмек, быйыл ал окуусун аяктап, хирург кесибине ээ болот. Ортончу уулу кесиби боюнча юрист. Ал эми, кызы Аниса быйыл окуу жайга тапшырып, агасы сыяктуу медициналык кызматкер болууну кыялданууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1537
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×