Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атада «Энесин көрүп кызын ал» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында «Энесин көрүп кызын ал» сынагы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сынакка энелер кыздары менен катышып, улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүп, тамак-аш даярдоо боюнча күч сынашты. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында, улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында шаардык аялдар кеңешинин демилгеси менен уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыздын «Эшигин керүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал» деген накыл кеби меймандостукту туюндуруп, сөздүн мазмуну эненин кызга берген күндөлүк таалим-тарбиясына барып такалат.

«Кыз бала – эртели-кечтир башканын бүлөсү. Эне өзү да дал ушундай турмуштук тийиштүү жолду басып өткөн. Аны кызына мурастайт. Жакшы үй-бүлө кирип-чыккандарга өзүнчө жылуу сезимди берет. Маданияттуулукка үндөйт. Аталган накыл кептин тарбиялык мааниси терең болгондуктан сынакты дал ушундай атоону чечтик», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×