Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.05.2018 16:30

Айыл турмушу: Караколдук Г.Малдыбаева айгүл гүлдөрүн өстүрүп сатууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 60 жаштагы тургуну Гүлмира Малдыбаева 10 жылдан бери бакчасына гүлдүн түрүн өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бакчасында сейрек кездешкен гүлдөрдүн 14төн ашык түрү бар. Алардын бири — айгүл гүлү.

«Жаздын аягы менен айгүл гүлү гүлдөп баштайт. Ага кызыккандар да көбөйүп, суроо-талап жогорулайт. Анын чоңдугуна жараша 200-500 сомго чейин сатам», - деди ал.

Гүлмира айым кызыл китепке кирген айгүлдү кантип көбөйтө турганын айтып берди.

«Түбүндө пиязчасы болот. Ошону алып отургузам. Тамырына кум аралаштырып, топурак салам. Ага суу куюп туруу керек. Жылда 10 түп калтырып, калганын сатып жиберем. Калганынан көбөйөт», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен 36 жыл бирге жашап, 2 уул, 1 кызды өстүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×