Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк К.Токтосунова кийиз жасоо боюнча чет элдик 3 окумуштуунун илимий эмгегин жактоого көмөктөштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын 60 жаштагы тургуну, чебер Кенжекан Токтосунова жүндү иштетүү боюнча эл аралык окутуучу болуп эсептелинет.

12 жашында биринчи шырдагын жасаган чебер менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди. Ал кол өнөрчүлүктү бала кезинде эле апасынан үйрөнгөн жана бул өнөрдү учурда өзүнүн кенже кызы Мунарага үйрөтүүнү самайт.

Чебер 25 кылым мурда колдонулуп, жер алдында калган, казуулардын негизинде табылган кийиздерди изилдеп, аларды ирээтке келтирип, музейге өткөрүүгө көмөктөшкөн. Башка кол өнөрчүлөр менен тажрыйбасы менен бөлүшүп, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанды жана Европадагы өлкөлөрдү кыдырып келген.

«Мен ата-бабамдан калган бул өнөрдү келечек муунга жеткирсем жана чет мамлекеттер биздин улуттук кол өнөрчүлүктү тааныса дейм. Атам: «Жардам сурап келген кишиден эч качан баш тартпа» деп айтчу эле. Андыктан мага келген кол өнөрчүлөрдү үйрөтсөм, окумуштууларга илимий иштерин жактоого жардам берем. Учурда жүндү иштетүү, этнографиялык кийиз жасоо ыкмасы боюнча 3 окумуштуу илимий эмгегин жактады. Аларга колдон келген жардамымды бердим. Бири Улуу Британиянын, экинчиси Норвегиянын, үчүнчүсү Казакстандын окумуштуулары», - дейт ал.

Ошондой эле, ал июль айына Алтайга чакыруу алгандыгын белгилеп, ага учурда даярданып жаткандыгын айтты.

Мындан тышкары, К.Токтосунова айылда чакан цех ачкан. Анда 20 адам иштеп, жүндөн ар кандай азем белектерди, буюмдарды жасашат. Анын бир тууган агалары да булгаарыдан жана жыгачтан буюмдарды жасаган чебер усталар.

К.Токтосунованын 3 уулу, 1 кызы, 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×