Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ак-Суудагы 3 айылды суу каптоо коркунучу жаралды

Turmush -  Ак-Суу районунда Жыргалаң жана Түргөн сууларынын деңгээли көтөрүлүп, айрым айылдарда кооптуу абал жаралды. Учурда ал жерлерге ӨКМ тарабынан атайын оор инженердик техникалар тартылып, суунун жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Акимдин биринчи орун басары Элчибек Жантаевдин айтымында, учурда Жыргалаң суусунун жээгиндеги 200 түтүн эл жашаган Совет айылын толук суу каптоо коркунучу бар. Ал эми, Түргөн суусунун деңгээлинин көбүйүшү менен Ак-Булуң, Ак-Булак айылдарынын тургундарына кооптуу абал жаралды.

«Негизи Ак-Булуң, Ак-Булак айылдарында кезекчилик түзүлүп, ӨКМдин оор техникалары менен кырсыкты алдын алуу иштери жүрүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу