При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ысык-Көлдө катуу шамалдан улам бактар кулап, 6 айыл электр энергиясыз калды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 6 айыл электр энергиясыз калды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, кечээ, 18-майда катталган катуу шамалдан улам көптөгөн бактардын бутактары электр зымдарга кулап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. «Чыгышэлектро» ААКтын кызматкерлери эки сааттан кийин электр энергиясын калыбына келтиришкен.

«Учурда Жети-Өгүз районунун Мундуз, Аң-Өстөн, Ак-Дөбө айылдарында, Ак-Суу районунун Чолпон жана Жылдыз айылдарында, Түп районунун Кең-Суу айылында жана Каракол шаарынын кээ бир бөлүктөрүндө электр энергиясы калыбына келтириле элек», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, Каракол шаарында катуу шамалдын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, түнкү чырактар кулап калган.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×