Фестивалга шаарда жашаган бардык энелер үйдө, короосунда өстүргөн гүлдөрүн ошондой эле, мекеме-ишканалардын кызматкерлери кеңселерде өстүргөн гүлдөрүн алып келишти. Фестивалдын жыйынтыгында сейрек кездешүүчү гүл өстүргөн айымдарга белектер берилди. Анда азалия гүлүн алып келген вице-мэр Акылсайра Жумабекова баш байгени утуп алды. 1-орунду айгүл гүлүн өстүргөн Гүлмира Малдыбаева алса, 2-орунга Толкунай Абдразакова, 3-орунга Шайгүл Муканбетова татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чараны уюштурууга шаардык бюджеттен 10 миң сом бөлүнгөн.