Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдук окуучулар аскердик даярдыктан өтүүдө (фото)

Turmush -  Каракол шаарында мектеп окуучуларына талаа аскердик сабактарды уюштурулууда. Бул тууралуу Каракол шаардык бириккен аскер комиссариатынын аскерге чейинки даярдоо боюнча нускоочусу Нурлан Салибаев билдирди.

Анын айтымында, окуу 16-19-май күндөрү өтүп, ага 200гө жакын окуучу катышууда.

«Анда балдар аскерге чейинки даярдык боюнча алган билимин иш жүзүндө чыңдашат. Саптык тизилүү өңдүү бардык аскердик даярдыктарды тажрыйба түрүндө өтөшөт. Ошондой эле, курал-жарак боюнча түшүнүк алышат. Иш-чаранын максаты - балдарды сергек жашоого чакырып, аскердик кызмат өтөөгө үгүттөө», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 649
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×