Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Чолпон-Атада 2 жаштагы наристени уурдады деген аял, кыз жалгыз ыйлап жатканынан ээрчитип кеткен, - ОИИБ

Turmush -  Чолпон-Атада 2 жаштагы наристени уурдады деп шектелген аял, кечинде кыз жалгыз ыйлап жатканынан гана ээрчитип кеткендигин укук коргоо органдарына көрсөтмө берип жатып айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Turmush басылмасынын кабарчысына Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, аталган түзүм кечээ, 17-майда кечинде болгон окуяны такташты.

«Кызды алып кеткен аял Түп районунун 37 жаштагы тургуну болгон. Ал өз көрсөтмөсүндө, кечинде кичинекей кыз жалгыз ыйлап жатканын көрүп, ээрчитип кеткен. Учурда 2 жаштагы кыз дайынсыз жоголду деп катталды. Бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурага тиешелүү материалдар жиберилди», - деди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарында 2 жаштагы кызды уурдап кеткен аял кармалгандыгы маалымдалган. Кечээ, 17-майда «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында жаш үй-бүлө төрт баласы менен эс алып жатышкан. Болжол менен саат 20:00 чамасында белгисиз аял аталган үй-бүлөнүн кызын уурдап кеткен. Кыздын энеси дароо милиция бөлүмүнө билдирген. Түнү менен милиция кызматкерлери 2 жаштагы наристени издеп, таң эртең менен саат 6:00 чамасында кызды алып кеткен аял кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2873
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу