При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ак-Суунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого катышкан 2 талапкер тең өтпөй калды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Ак-Суу районундагы Октябрь айылында айыл өкмөттү башчысын шайлоо болуп, анда ат салышкан эки таларкер тең өтпөй калды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайлоо бюллетендердин саны боюнча эки талапкер тең экиден добушка ээ болушкан. Ал эми «бардыгына каршы» деп 14 депутат добуш берген.

Ак-Суу райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Сатиевдин айтуусунда, эми борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 жуманын аралыгында шайлоо күнү бекитилип, кайрадан шайлоо өтөт. Ага чейин депутаттар татыктуу талапкер алып чыгышы керек. Шайлоодон өтпөй калган эки талапкер тең эч бир партиянын тизмесинде жок жана алар айылдагы мектепте мугалим болуп иштешет.

Эскерте кетсек, айыл өкмөттүн мурунку башчысы У.Дөкөнбаев райондун акими болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×