Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атада эс алуучу үй-бүлөнүн 2 жаштагы кызын уурдаган аял кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2 жаштагы кызды уурдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигинин өздүк булактары билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 17-майда «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында жаш үй-бүлө төрт баласы менен эс алып жатышкан.

«Болжол менен саат 20:00 чамасында белгисиз аял аталган үй-бүлөнүн кызын уурдап кетти. Кыздын энеси дароо милиция бөлүмүнө билдирген. Түнү менен милиция кызматкерлери 2 жаштагы наристени издешти. Таң эртең менен саат 6:00 чамасында кызды уурдаган аял кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта аял кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5524
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×