При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Түптүн Каркыра жайлоосуна кетүүчү жолдогу 38 жер көчкү тазаланат (фото)

Turmush -  Түп районунун Каркыра жайлоосуна кетүүчү жолдогу ар кандай көлөмдөгү 38 жер көчкү тазаланат. Бул тууралуу №4 Жол тейлөө ишканасынын башчысы Рысбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, алар Түп районлук администрациясы, ӨКМдин райондук бөлүмү болуп Каркыранын ичиндеги жолду басып жаткан ар кандай көлөмдөгү 38 кар көчкүлөрүн аныкташкан. Ар бир көчкүнүн узундугу 100-150 метр, бийиктиги 15 метрге чейин жетет.

«Облустук жетекчилерге кайрылсак, Ысык-Көл Өнүктүрүү фондунан 3 тонна күйүүчү май бөлдүрүп берди. Калган жумушту №4 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары өзүбүз жасайбыз. Былтыркыга караганда быйыл көчкүнүн көлөмү көп болгондуктан 10 күндүн ичинде тазалап, жолду ачып беребиз», - деди Р.Исмаилов.

Түптүн малчылары жыл сайын алыскы жайлоолор Турук, Туз, Жылаңач, Үч-Суунун куйганы, Жаак жана Сары-Жазга чейин барышып жайлап келишет. Ошол жайлоолорго жеткенче Каркыранын ичиндеги кар көчкүлөр жыл сайын тазаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×