При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Караколдо «Эне жана гүл» фестивалы өтөт

Turmush -  Каракол шаарында Энелер күнүнө карата 19-майда «Эне жана гүл» аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу вице-мэр Акылсайра Жумабекова билдирди.

Анын айтымында, фестивалга шаарда жашаган бардык энелер үйдө, короосунда өстүргөн гүлдөрүн алып келип, катышса болот.

«Сейрек кездешкен гүлдөрдү өстүргөн аялдарга белектер берилет. Белектер үчүн шаардык бюджеттен 10 миң сом бөлүндү», - дейт ал.

Иш-чаранын максаты – энелерге кубаныч тартуулоо.

«Фестивалдын алкагында этно кийимдердин көргөзмөсү болот. Анда аялдарга өздөрүнө жаккан кийимдерди сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, Энелер күнүндө көз жарган аялдарга белектер берилет. Жыйынтыгында К.Жантөшев атындагы драм театрында энелерге арналган концерттик программа тартууланат. Фестивалдын максаты энелерге кубаныч тартуулоо», - деди шаардын вице-мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 415
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу